Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан “Тянь Шанга жол” эл аралык конференциясына катышууда
- 76 просм.
29-30-майга белгиленген иш-чарага транспорт тармагындагы мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат.
“Аймактар аралык транспорттук коридорлорду жана мультимодалдык ташууларды өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги» деген аталыштагы сессиянын жүрүшүндө министр Тилек Текебаев сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө Кыргызстандын транспорт тармагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп мультимодалдык коридорлорду өнүктүрүү экенин белгиледи.
“Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтыгынын (БАРЭК) артыкчылыктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү алты транспорттук коридорунун ичинен төртөө Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Транзиттик потенциалды жогорулатуу үчүн биздин мамлекет европалык, азиялык жана борбор азиялык коридорлор тармагына интеграцияланган эл аралык транспорттук коридорлорду курууга жана модернизациялоого олуттуу көңүл бурат”- деди министр. Ал бул жаатта аткарылып жаткан иш-аракеттерге токтолуп, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө министр Тилек Текебаев Пакистан жана Өзбекстандан келген кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анда кызматташтыктын актуалдуу маселери менен мындан аркы кадамдары талкууланып, ортодого транспорт тармагындагы алаканы кеңейтүү менен алга жылдырууга ишеним артышарын баса белгилешти.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы