mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунун эски асфальт бетон катмарын сыйруу иштери жүргүзүлүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын жолчулары тарабынан жол оңдоо иштери улантылууда.
Бүгүн, 20-майда №48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан титулдук тизмеге киргизилген Тараз-Покровка-Кайынды унаа жолунун 14-15-чакырым аралыгында эски асфальт бетон катмарын сыйруу иштери жүргүзүлүп, жаңы асфальт төшөөгө даярдыктар башталды.