Министр Тилек Текебаев Энелер күнү менен куттуктады
- 101 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун толук тексти:
“Кымбаттуу энелер, асыл апалар!
Сиздерди май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келген — Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Баарыбызга өмүр тартуулап, чоң түйшүктү моюнга артып, тоодой жоопкерчилик менен бала тарбиялап, үзүлгөндү улап, улуулукту, сулуулукту даңазалап, үйдүн куту, түндүктүн түркүгү болгон эненин жүрөгүнө бүтүндөй аалам батса керек. “Бейиш эненин таманынын астында” деп да бекер айтылбагандай.
Жашоонун башаты, коломтонун ээси, коомдун уюткусу менен мекендин куту болгон энелерге чың ден соолук, узун өмүр жана бактылуу жашоо каалайм!
Майрамыңыздар кут болсун!”