Буйрук: «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө»
- 7 424 просм.
Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун жана андагы жол курулуштарын куруу, калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө жана тутууга туруктуу техникалык контроль жүргүзүүнү камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 742 токтомун аткаруу үчүн жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
- Бекитүү:
— ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык, жол жумуштары боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларынын көлөмүн аныктоо Усулун;
— ушул буйруктун 2- тиркемесине ылайык, «Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдери».
- Жол жумуштары түрлөрү боюнча кеңеш берүү кызматынын бааларынын орточо өлчөмү, саатына 396,3 сомду коюу.
- Басма-сөз катчысы К.Р. Досумбетовго бул буйруктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтында катталгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жарыялануусун камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгы расмий жарыяланган күнүнөн баштап, бул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти 1-пунктта көрсөтүлгөн 1,2 тиркемелерин жетекчиликке алсын.
- Бул буйрук расмий жарыялангандан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
- Күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2015 –жылдын 26- январындагы № 15- буйругу.
- Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиевге А.И. жүктөлсүн.