КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараттын административдик кызмат орундарынын кенже жана улук топторуна кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт:
- 176 просм.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
— жеке арыз;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— сүрөтү менен резюме (тел номерин жана электрондук почтасын көрсөтүү менен);
— автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;
— нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
— окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Конкурска катышкан адамдар сунуштама каттарын кошумча тапшыра алышат.
Конкурска катышуу үчүн документтер көктөлүп жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнө төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Бишкек ш., н.Исанов көч., 42-кабинет, 305-кабинет.
Документтер 2023-жылдын 18-декабрынан тартып 30-декабрына чейин (29-декабрь — кабыл алуунун акыркы күнү) иш күндөрү саат 9.00 дөн 18.00 гө чейин кабыл алынат. Кошумча маалымат (0312) 31 41 08 телефону жана КР ТКМ www.mtd.gov.kg жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин www.mkk.gov.kg расмий сайттарында.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга ачык конкурска катышууга жол берилбейт.
Квалификациялык талаптар:
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү.
Жалпы мыйзамдарды билүү:
Улук административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик кызмат орундарынын тобу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Багыттар боюнча предметтик мыйзамдарды билүү:
Жол-транспорт коопсуздук чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн кенже кызмат орундарынын тобуна (иштеген жери Жалал-Абад обл.)
- Кесиптик билим деңгээли:
— автомобиль транспорту, автомобиль жолдору, юриспруденция жаатындагы жогорку кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
- Билгичтик:
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:
«Автомобиль транспорту жөнүндө»;
«Темир жол транспорту жөнүндө»;
«Автомобиль жолдору жөнүндө»;
«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө»;
«Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө»;
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө»;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн/ Министрлер Кабинетинин токтомдору:
2013-жылдын 3-майындагы № 239 «Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
1999-жылдын 11-майындагы № 249 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы суу транспорту боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери»;
2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 «Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 «Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө»;
2012-жылдын 18-февралындагы № 108 «Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө»;
2018-жылдын 29-январындагы № 56 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
2021-жылдын 1-июлундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө».
Мамлекеттик тил багыты боюнча улук кызмат орундарынын тобуна:
- Кесиптик билим деңгээли:
— филология жаатындагы жогорку кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Билгичтик:
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
«Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 526 токтому менен бекитилген «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому;
Автомобиль жолдору багыты боюнча кенже кызмат орундарынын тобуна:
- Кесиптик билим деңгээли:
— Архитектура жана курулуш» тармагында төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: курулуш, шаар курулушу, гидротехникалык курулуш; «Курулуш» тармагында: өнөр жай жана жарандык курулуш, шаардык курулуш жана чарба, имараттарды долбоорлоо, курулушту механизациялоо жана автоматташтыруу, курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү; «Транспорттук курулуш» тармагында: темир жол курулушу, жол жана жол чарбасы, автомобиль жолдору жана аэродромдор, көпүрөлөр жана транспорттук тоннелдер.
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
- Билгичтик:
1) Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 512 “Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын пайдалануу жана аларды коргоо тартибин жана Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун классификациялоо жана номерлештирүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” токтому;
Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн:
Жөндөмдүүлүгү:
— статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө;
— презентацияларды уюштуруу;
— маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдаланууга;;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;
— кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү такта, факс.