mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Нарын облусунда жол тармагында аткарылган иштер жана 2027-жылга карата пландар талкууланды

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаевдин катышуусунда Нарын облусунда жол тармагында аткарылган иштер жана 2027-жылга карата пландар боюнча жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер, Нарын шаарынын мэри жана жол тармагынын жетекчилери катышты.

Жыйында 2026-жылы Нарын облусунда жол куруу жана оңдоо багытында аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, алдыдагы пландар талкууланды. Министр Талантбек Солтобаев аткарылган иштер тууралуу айтып берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Нарын облусунда 146,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 96,2 чакырымды түзгөн.

Ошондой эле быйыл титулдук тизменин негизинде бир катар жолдорго асфальт төшөлдү. Алардын негизгилери:

* Ак-Талчат–Казарман — 5 км;

* Жумгал–Лама–Чоң-Дөбө–Түгөл-Сай — 5 км;

* Ара-Көл–Оро-Башы — 5 км;

* Чар–Ак-Муз — 7,8 км;

* Жан-Булак–Кара-Тоо — 2 км;

* Ача–Кайыңды–Калинин — 6 км;

* Сары-Булак–Соң-Көл — 5 км;

* Мамлекеттик жол–Мин-Булак — 2,8 км;

* Нарын–Оруктам — 6,9 км;

* Баетов–Макмал — 2,8 км эки катмар, 5 км бир катмар асфальт;

* Мамлекеттик жол–Таш-Рабат — 5 км.

Жана башка дагы жолдорго асфальт төшөлдү.

Мындан тышкары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондорунун жана Нарын шаарынын жетекчилерине 2027-жылы жол тармагында аткарылуучу иштер боюнча пландар тааныштырылды.

Жыйындын жүрүшүндө Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана район акимдери жер-жерлердеги жолдордун абалы, оңдоого муктаж тилкелер жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча өз сунуштарын айтышты.

Жолугушууда айтылган сунуштар жана көтөрүлгөн маселелер талкууланып, жолдордун абалын жакшыртуу жана алдыдагы иштерди пландоо маселелерине көңүл бурулду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы