Алмазбек Байсопуев «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды
- 239 просм.
Алмазбек Байсопуев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Кече, 6-декабрда А. Байсопуевди эмгек жамаатка Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т. Солтобаев тааныштырды.