“Талас-Тараз жолунда Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоору боюнча 2023-жылдын 10 айынын ичинде 40,45% жумуштар аткарылды
- 181 просм.
“Талас-Тараз жолунда Үрмарал дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо» долбоору боюнча 2023-жылдын 10 айынын ичинде 40,45% жумуштар аткарылды. Бул жалпысынан долбоорду жүзөгө ашыруудан берки долбоордук иштердин 81,9% түздү.
Бүгүнкү күндө төгүлгөн кум-шагылды ныктап, тегиздөө, негизги катмарды ныктоо жана тегиздөө, устун менен арматураларды чогултуу, бордюрларды орнотуу жана маалымат тактайчасын орнотуу иштери жүрүүдө.
Подрядчы 2023-жылдын декабрь айынын башында кыш мезгилине карата курулуш иштерин 2024-жылдын жаз айларына чейин токтотууну пландаштырууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы