mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызстандыктар Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин филиалына магистратурага тапшыра алышат

Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин филиалынын расмий ачылышы 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын президенттеринин катышуусунда болгон.

QS World University Rankings — КазНУ эл аралык рейтингдик агенттигинин изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ал 2022-жылы дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин ичинен 150-орунду ээлеген жана дүйнөдөгү эң мыкты 200 ЖОЖдордун катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз университет болуп саналат. Каалоочулар 2023-2024-жылдары үчүн бул ЖОЖго магистратурага тапшыра алышат.

КазНУнун филиалында төмөндөгүдөй  факультеттер бар:

 

  • Биология жана биотехнология факультети
  • Экономика жана бизнес жогорку мектеби
  • Механикалык-математикалык факультети
  • Чыгыш таануу факультети
  • География жана жаратылышты пайдалануу факультети
  • Тарых факультети
  • Эл аралык мамилелер факультети
  • Филология факультети
  • Философия жана саясат таануу факультети
  • Химия жана химиялык технология факультети
  • Физика-техникалык факультети
  • Юридикалык факультети
  • Маалыматтык технологиялар факультети

 

 

Каалоочулар «Коммерциялык эмес акционердик коомунун “Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинин” филиалына кайрылса болот, тел.+9963123940522, +996707496087, E-mail:alfarabi.kg@:kaznuu.edu.kz .