Ош шаарында жүргүнчү ташуучу маршруткалар текшерилип, 3 айдоочуга айып пул салынды
- 354 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактык башкармалыктары-нын инспекторлору ишмердүүлүктөрүн мыйзамда белгиленген талаптардын негизинде жүргүзүшөт.
Эгерде көзөмөлдөө бөлүмүнүн тескөөчүлөрү айдоочулар тарабынан кандайдыр бир укук бузууларды аныкташса, жеринде протокол түзүшүп, мамлекеттин эсебине айып пулдарды өндүрүшөт.
Бул иш-чарада негизинен жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруткалардын графиги жана иш тартиби текшерилди. Адистердин айтымында айдоочулар бекитилген графикке ылайык иштеши керек, тактап айтканда алар дем албастан күнү-түнү дебей жүргүнчүлөрдү ташууга же өзүм билемдик менен эрте эле жумушун токтотуп салууга болбойт.
Алсак, бүгүн, 6-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгынын инспекторлору Ош шаарынын автобекетиндеги жүргүнчү ташуучу унааларды текшеришти. Анда 13 жүргүнчү ташуучу маршрутка текшерилип, 3 укук бузуу катталган жана аларга 3000 миң сом айып пул салынды.