Коррупциялык иштерди алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселеси боюнча чогулуш өттү
- 332 просм.
Кече,16-августта КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Талас аймактык башкармалыгы транспорт жана жол тармагындагы коррупция тобокелдиктерин алдын алуу боюнча иш-чараны өткөрдү.
Анын максаты коррупциялык иштерди алдын алуу жана ага бөгөт коюу болуп саналат. Анда, Талас аймактык автотранспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучусу Алмаз Төрөкулов, 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы актуалдуу иш-чаралардын планын кызматкерлер менен талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү жана аны болтурбоо боюнча тапшырмаларды берди. Бул иш-чара КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 14-апрелиндеги №110 Буйругун аткаруу максатында өтүп, ага аталган мекеменин 14 кызматкери катышты.
КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.