Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду
- 347 просм.
12-13-июнь күндөрү Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичин суу каптап, айдоочуларга тоскоолдук жаралган. Оңдоо иштерине байланыштуу суу өткөрүүчү түтүктөр кумга толуп, суу жолго жайылган. Маселе тез арада колго алынып, аймакты тейлеген жолчулар тарабынан түтүктөр тазаланып, суу кеткен эле.
Бирок, бүгүн кайрадан кечээки абал кайталанып, тиешелүү техникалардын жардамы менен тазалоо иштери жүрдү. Азыркы тапта тоннелдин канализациясы оңдолуп, суунун сыртка агышы токтоду.
Тоннелдин ичиндеги жумуштар аягына чыкса, кийин мындай көйгөй жаралбайт.
Белгилей кетсек, тоннелдин ичин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилүүдө. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабылып жатканын дагы бир ирет айдоочулардын эсине салабыз. Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөп жатышат.
Айдоочулардан алдын ала кечирим сурап, сабыр сактоого чакырабыз.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы