Сары-Кыр ашуусунда жол ачылып, бир тараптуу каттам берилди
- 655 просм.
Казарман-Жалал-Абад жолунун Сары-Кыр ашуусунда (0-52-чакырым аралыгы) кар жана жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда бир тараптуу каттам берилди. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, Сары-Кыр ашуусу жыл сайын октябрь айынан майга дейре жабык болот. Учурда жолду кардан жана жер көчкүдөн тазалоо үчүн жеринде 2 автогрейдер, 1 жүктөгүч жана онго чукул кызматкерлер иштеп жатышат.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы
- ВКонтакте
- РћРТвЂВВВВВВВВнокласснРСвЂВВВВВВВВРєРСвЂВВВВВВВВ
- РњРѕР№ Р В Р’В Р РЋРЎв„ўР В Р’В Р РЋРІР‚ВВВВВВВВРЎР‚
- Blogger
- Tumblr
- Viber
- Skype
- Telegram