Аймактарда аткарылган иштер
- 449 просм.
Талас-Нылды-Покровка унаа жолундагы жол белгилерин жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Түп-Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолун тегиздөө иштери жүрүүдө. Жеринде №4 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.
Ал эми Баетов-Макмал унаа жолуна шагыл төгүлүп, тегизделип жатат (4-10-чакырым аралыгында).
Бишкек-Ош унаа жолундагы жол элементтери, көпүрөлөр акталып, сырдалды.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы