Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
- 845 просм.
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун Тамчы участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Учурда № 26 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана жерине тартылган атайын техникалар жолду кардан тазалап жатышат. Көчкүнүн көлөмү 1750м3ду түзөт.
Жакынкы сааттарда кар көчкү тазаланып, каттам үчүн жол ачылат. Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы