Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жолдорду ирээтке келтирүү иштерин улантууда
- 1 355 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жол четин тазалап, куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркып жатышат, ошондой эле жолдорду ирээтке келтирүү иштери уланууда.
Бишкек-Ош унаа жолунун 315-чакырымынан 427-чакырым аралыгына чейинки бөлүгүндө тазалоо иштери жүрүп, кызматкерлер жол четин шыпырып, ирээтке келтирип жатышат.

Кочкор-Большевик-Көлкөк унаа жолунун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери башталды.

Жол боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштери Токмок-Кошой унаа жолунун 6-7-чакырым аралыгында дагы жүрүүдө.

Бишкек-Манас унаа жолу дагы иретке келтирилип, трассанын четин таштандыдан тазалоо иштери жүрүүдө.

Жол кызматкерлери Байтик-Арчалы-Жал унаа жолунун четиндеги бактардын бутактарын кыркуу иштери менен алек.
Чон-Арык-Ала-Арча унаа жолунда жол четиндеги тосмолор боелуп жатат.

Ош-Кара-Суу-Савай мамлекеттик маанидеги унаа жолунун 6 чакырымында пайда болгон аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери жүрүүдө.

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 171-178-чакырым аралыгындагы тилкеде пайда болгон аң-чөнөктөрдү жамоо иштери уланууда. Ал эми Түп-Кеген унаа жолу ачык, жүргүнчүлөрдөн даттануулар жок.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунун 114-122-чакырым аралыгында жол жээги атайын техника менен сүрдүрүлүп, кум-шагыл аралашмасы ташып төгүлүүдө. Ошондой эле аталган жолдун жээгиндеги лотоктордун ичин тазалоо иштери жүрүүдө.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 84-чакырымдан 105-чакырымына чейинки аралыгы дагы таштандыдан тазаланып, бутап кыюу иштери жүрүүдө.
Ал эми №5 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Өзгөн-Мырза-Аке мамлекеттик жолунда жаралган аң-чөнөктөрдү толтуруу иштерин баштады.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы