2022-жылдын 28 октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгү (Төө-Ашуу, Сосновка) эки тараптуу каттам үчүн ачык.
- 352 просм.
Белгилей кетсек, 27 октябрь күнү кечки саат 19:45-де бороонго байланыштуу каттам бир тараптуу убактылуу жабылган.
КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы