Кадамжай-Айдаркен-Чечме унаа жолунда асфальт-бетон төшөө, көпүрө салуу иштери аткарылууда
- 432 просм.
Кадамжай-Айдаркен-Чечме унаа жолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179 км бөлүгүндө жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 км түзөт. План боюнча жолго (48 км) асфальт-бетон төшөлөт. Бүгүнку күндө 38 км төшөлдү, анын ичинене айланма жолуна (0-6,3 км) 6,1 км асфальт-бетон төшөлдү.
План боюнча дагы бул бөлүктө дагы 200 м иштер калды (сел өтүүчү бөлүк). Ошондой эле, Кадамжай-Айдаркен-Чечме унаа жолунун 172 км жана 136 км жайгашкан эски көпүрөлөрдү демонтаждо иштери аткарылууда.
Орозбеков айылында 8 км асфальт-бетон тошөлдү.
Аткаруучу: КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын №46 Жол тейлөө ишканасы