Ысык-Көл обласында жүргүнчүлөрдү ташыган 12 кичи автобустун айдоочуларына айып салынды
- 394 просм.
Ысык-Көл облусунда жол кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүп жатат.
Жайкы туристтик сезондун башталышы менен байланыштар, жүк ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын болтурбоо боюнча иш-чаралар менен чыңдалууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана Транспорт инспекциясынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардык жана облустар аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуудагы техникалык абалы жана уруксат кагаздарын берүү маселелерин карашты.
Ошондой эле, айдоочунун жол баракчасы жок болгондугу үчүн жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген Бишкек шаарынан «Ташыбек Ата» ЖЧКсынын айдоочусуна, 199-берененин 2-бөлүмү боюнча протокол түзүлүп, 1000 сом айып салынып, убактылуу токтотулган жана ошол күнү жүргүнчүлөрдү ташууга урурсаат берилген эмес.
Мындан тышкары, транспорт инспекциясынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн сегиз жеңил унаанын айдоочуларына 199-берененин 2-бөлүмү боюнча протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып салынган.
Ошону менен бирге, аймактарда оор жүк ташуучу жана ири габариттик унаалардын айдоочуларына КР “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамына ылайык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймактарда аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 28 градустан ашса, саат 9:00дөн 20:00гө чейин алардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет.
КР ТжКМ басма сөз кызматы