mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунун 6-11 км аралыктарын оңдоо иштери уланууда

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Кара-Тал, Биринчи Май, Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу жана айыл тургундарына шарт түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 272-365 км реконструкциялоо долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунун 6-11 км аралыктарын оңдоо иштери 2022-жылдын апрель айында башталган.
Азыркы учурда, Подрядчы тарабынан 5 км аралыкта жер кыртышын энин кеңейтүү, 6 суу өткөрүүчү түтүктөрдү куруу иштери аяктады жана 2 суу өткөрүүчү түтүктөрдү курулуш иштери жана жол катмарын көтөрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
2022-жылдын июль айында Ача-Кайыңды-Май-Босого автожолунда асфальтобетон жабуусун төшөө иштерин баштоо пландалууда. Курулуш иштерине подрядчы тарабынан 35 жумушчу жана 17 жол-курулуш техникасы ишке тартылды.Курулуш иштери 31-жылдын 2022-августуна чейин аяктайт.

 

 

 

 

КРТжКМ басма сөз кызматы