mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын 2022–жылга карата титулдук тизменин планына ылайык:

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын 2022–жылга карата титулдук тизменин планына ылайык:

 Жалал–Абад облусу

 Токтогул–Беш–Таш унаа жолунун 12+100 км 12+830 км чейин асфальт–бетон төшөө иштери аяктады. Узундугу 0,730 км. Аткаруучу: №23 Жол тейлөө ишканасы (ЖТИ)

  • Комсомол–Барпы–Туркабад унаа жолуна асфальт–бетон төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. План боюнча – 1,7 км. Азыркы учурда 1,6 км бүттү. Аткаруучу №22 ЖТИ
  • Жалал–Абад–Казарман жолунун 46–48–чакырымында эски асфальт-бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча – 2,6 км асфальт–бетон төшөлөт. Аткаруучу: №31 ЖТИ
  • Акбаш–Бостон унаа жолунда асфальт–бетон төшөө иштери жүрүп жатат. Титулдук тизменин планы боюнча – 1,3 км. Бүгүнкү күндө 0,200 км аткарылды. Аткаруучу: №52 ЖТИ

Ош облусу

 Гүлчө–Арпа–Тектир–Кабланкол унаа жолунда (2–км баштап 3–км чейин) асфальт негизин таптоо иштери жүрүп жатат. План боюнча – 1 км. Аткаруучу: №959 ЖТИ.

  • Гүлчө–Корул–Суукдөбөс унаа жолунун 11,4 – 12,4 чакырымында жерди тегиздөө иштери жүрүп жатат. 1 км асфальт–бетон төшөө иштерин бүтүрүү пландалууда. Аткаруучу: №959 ЖТИ
  • Мырзаке–Кара–Кулжа–Алайку унаа жолунун 42 км баштап 45 км чейинки эски асфальт-бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча — 2 км асфальт–бетон төшөлөт. Сүрөтчү: ДЭП №26

 Чүй облусу

 Сокулук–Камышановка унаа жолунун 46–48–чакырымында эски асфальт–бетон төшөлгөн жерин разборкадоо иштери жүрүп жатат. План боюнча — 1 км төшөлөт. Аткаруучу: №1 ЖТИ

Ысык–Көл облусу

 Бозчук – Жыргалаң шахтасы унаа жолунун 3–4 км аралыгында жер жумуштары жүрүп жатат. План боюнча — 1 км асфальт-бетон төшөлөт. Аткаруучу: №11 ЖТИ.

  • Каракол–Эңилчек унаа жолунда узундугу 0,4 км (400 метр) асфальт–бетон төшөө иштери аяктады. Аткаруучу: №11 ЖТИ

                       Мамлекеттик капиталдык салымдардын беренесинин негизинде

              «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы боюнча 2022–жылга карата:

   

Ысык–Көл облусу

 Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 190,5 км–194 км чейинки эски асфальт–бетон төшөлмөсүн алуу иштери жүрүп жатат. План боюнча — 3,5 км. Азыркы күндө 0,6 км аткарылды. Аткаруучу: №1 ЖТИ

Ош облусу

 Мырзаке–Кара–Баткак унаа жолундагы эски асфальт–бетон төшөлмөсүн алуу иштери аяктоодо. План боюнча – 5 км. Аткаруучу: №5 ЖТИ

 Баткен облусу

 Баткен–Карабак унаа жолуна асфальт–бетон төшөлмөсүн орнотуу иштери жүрүп жатат. План боюнча – 7 км. Азыркы учурда – 1,740 км аткарылды . Аткаруучу: №2 ЖТИ

КР ТжКМ басма сөз кызматы