Шаардык каттамдарды тейлеген кичи автобустарга кандай чаралар колдонулат
- 585 просм.
Бишкектеги транспорттук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү форс-мажордук кырдаалга байланыштуу, КРТжКМнин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттиги 2013-жылдын 19-октябрындагы N195 «Кыргыз Республикасында лицензиялоо жана уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамынан үзүндүлөрдү келтирет.
4-бөлүмгө ылайык Лицензиялык көзөмөл;
28-беренеде “ Эгерде лицензиянын талаптары сакталбаса, анда лицензиар лицензия алуучуга төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат”- деп айтылат. Мисалы:
-эскертүү;
-айып пул салуу;
— лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу;
— лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.
Ошондой эле, лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн, лицензиар эскертүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу. Лицензиялык талаптарды эки жолу бузгандыгы үчүн, лицензиар айып пул түрүндө жаза колдонууга укуктуу.
Төмөндө компаниянын лицензиясы кандай мыйзам бузуулардан ажыратылгандыгы жөнүндө кеңири баяндалган:
- Лицензиялоонун талаптарын үч жолу бузгандыгы үчүн лицензиар буга чейин эскертүү жана айып пул алган субъекттин лицензиясын же уруксатын үч айга чейин токтото турууга укуктуу.
- Лицензиат берген лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптардын бузулушун четтеткендиги жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
- Лицензиянын колдонуу мөөнөтү аны токтото турган мезгилге узартылбайт.
- Эгерде лицензиат белгиленген мөөнөттө лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтото турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууну четтетпесе, анда лицензия жана уруксат беренеде каралган тартипте жокко чыгарылат. Ушул мыйзамдын 31 -статьясында каралган.
- Лицензиат лицензиянын (же) уруксаттын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим боюнча сотко даттанууга укуктуу.
Акыркы 5-бөлүмдө 31-беренеге ылайык сөз болот
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушун токтотуу.
Лицензия жана (же) уруксат төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке адамдын жеке ишкер катары иш-аракети токтотулганда;
- юридикалык жак жоюлганда;
- лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук аткаруу;
- иштин лицензиялануучу түрү өз ыктыяры менен токтотулган учурда лицензиат (лицензиаттын укук мураскери) тарабынан арыз берүү;
- иштин белгилүү бир түрүн лицензиялануучу иштин түрлөрүнүн тизмесинен чыгаруу;
- лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- адамдын өлүмү.
Эскерте кетсек 2-июнда эртең менен маршруттук таксилердин болжол менен 70 пайызы линияга чыккан эмес. Айдоочулар жол кирени көтөрүүнү талап кылышууда.
КР ТжКМ басма сөз кызматы