Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугар унаа жолундагы топтолгон суулар дренаждык түтүкчө аркылуу кетип, жол тазаланды.
- 505 просм.
2021-жылдын 12-июль саат 15:30 чамасында Боом капчыгайынын айрым жерлеринде, 4 км алыстыгында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен ылай агымдары түшкөн. Учурдагы кырдаалдын негизинде КР ТжКМнин №32 Жол тейлөө агенттиги сел жүргөн жерде бир жүктөгүч жана 10 жумушчу кол менен иштешти. Бул жердеги топурак нымга каныкпагандыктан, Бишкек-Нарын-Торугар унаа жолундагы Боом капчыгайындагы дренаждык түтүктөрү аркылуу баткак суулар кетип, жол тазаланды. Жол жүргүнчүлөрү үчүн өтүү кыйын болгону менен унаалардын кыймылы токтогон жок.
КРТжКМ басма сөз кызматы