Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министр Г.Абдралиева Баткен облусу боюнча жумушчу сапары уланууда
- 526 просм.
2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуниациялар министр Г.Абдралиеванын Баткен облусу боюнча жумушчу сапары уланууда. Бүгүн министр Кулунду-Максат-Арка, Самаркандек-Мадыген-Дархун жолдорунун курулушу менен таанышууда.
Максат айылынын Кулунду-Максат-Арка жолунун курулушу менен таанышып жатып, асфальт тѳшѳп жатканда асфальттын түз куюлушун жана жолдун бойлой тратуар курулушун эске алуууну ѳтүндү. Ошондой эле министр Самаркандек-Мадыген-Дархун жолунун курулуш иштери менен таанышты жана тиешелүү кызматтарга жумушту ыкчамдатууну суранды.
Министрди тиешелүү кызматтардын жетекчилери Ж.Содомбаевым жана А. Усенов коштоп жүрүүдѳ.