ОСИ авто жолундагы жалгыз нуктуу жол ачылды ал эми ЫТКТ участкосунда альтернативалык каттам ачууга бардык аракеттер кѳрүлүүдѳ
- 419 просм.
2021 жылдын 9-майында Ош-Сары-Таш-Иркештам(ОСИ) унаа жолунда с 42км — 42+300км нѳшѳрлѳгѳн жамгырдын кесепетинен сел каптап жол кулап калган.
Министрликтин алдындагы №959 ДЭУ кызматынын иш-аракети менен погрузчик техникасынын жардамы менен бир нукту жол ачылды. Жолду кеңейтүү иштери уланууда.
Мындан тышкары 2021-жылдын 9-10 майларындагы нѳшѳрлѳгѳн жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Кара-Кулджа районунун Ылай –Талаа- Карагуз — Тушунук (ЫТКТ) унаа жолундагы 23,6 км селдин кесепетинен кѳпүрѳ кулаган. Бул жол менен унаанын ѳтүшү мүмкүн болбогондуктан жолчулар тарабынан альтернативалык жолдон каттам ачуу боюнча бардык чаралар кабыл алынды.
Басма-соз катчылык