“Ош-Сарыташ-Эркештам”автожолдор башкармалыгы интернетте көрсөтүлгөн Ош-Араван-Чекабад автожолу жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирет.
- 493 просм.
Көрсөтүүдө айтылган жолдун бөлүгү Ош-Араван-Чекабад автожолунун 16-17,2 чакырымы болуп эсептелет. №44-жол тейлөө мекемесинин карамагында турат.
2019-жылдын IV-кварталында октябрь-ноябрь айларында жолдун эскилиги жеткен асфальт жана жер катмарлары алынып, жол түздѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Кыш мезгили башталгандыгына байланыштуу иштер токтотулган. Ал эми 2020-жылдын титулдук планындагы иштердин кѳбү COVID-19 пандемиясына байланыштуу пландан алынган.
Жергиликтүү тургундар чарба жүктөрүн ташууга, элдердин жүрүүсүнѳ жол кыймылынын үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Ош облустук башкармалыгына келген кайрылууларды эске алып, 2020-жылы №44-ЖТМ тарабынан жолдун астыңкы катмарына ири дандуу (крупнозернистый) асфальт төшөлгөн. Керектелген жол курулуш материалдары карызга алынган.
Аба-ырайынын жаан-чачындуу болгондугу жана жолдун ушул бѳлүгүндѳ оор жук ташуучу транспорт каражаттары көп каттагандыгына байланыштуу азыркы учурда жолдо бузуулар пайда болгон.
2021-жылы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аталган жолдун ремонтун аягына чыгаруу үчүн каражат булактары каралып жатат.