9-13-июль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу бар
- 242 просм.
‼️9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасы кескин жогорулап, тоолордо мөңгүлөрдүн эриши күтүлүүдө.
⚠️Мындан улам айрым жерлерде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.
Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
⛔️Транспорт министрлиги жарандарды жолдо жүрүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоого жана аба ырайынын шарттарын эске алууга чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы