mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү  боюнча иштерди пландоо жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Транспорт жана жолдор министрлигинин

2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү  боюнча иштерди пландоо жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы               № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштыруу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөр  киргизилсин:

1) Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоо жана күтүү боюнча иштерди пландаштыруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун:

— 4 – пункту  төмөнкү мазмундагы 14,15,16,17 – абзацтар менен толукталсын:

“ — Жол фонду — бул Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоо, куруу, күтүү, оңдоо, реконструкциялоо жана техникалык өнүктүрүү үчүн финансылык ресурстардын булагы;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук оңдоо жана күтүү боюнча мамлекеттик заказ — бул мамлекеттик ишканалар тарабынан аткарылуучу жумуштар;

— мамлекеттик заказчы — бул Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба Департаменти аркылуу Кыргыз Республикасынын жол чарбасын башкарууну жүзөгө ашыруучу орган;

— мамлекеттик заказды аткаруучу — бул жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун утурумдук ремонттоо жана күтүү боюнча иштерди аткаруучу мамлекеттик ишканалар.”

— 5-пункттун 1-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5.Жол жумуштарын жыл сайын пландаштыруу мамлекеттик заказчы тарабынан белгиленген тартипте бюджеттин орто мөөнөттүү болжолунун негизинде, ушул максаттарга бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында, автомобиль жолдорун утурумдук оңдоо жана күтүү боюнча иштер мамлекеттик заказды аткаруучу менен милдеттүү түрдө макулдашуу менен иштелип чыгат»

  • 8-пункттун 2) пунктчасынын 2-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 “Мамлекеттик заказды Аткаруучу тарабынан бекитилген автомобиль жолдорун оңдоо же күтүү боюнча долбоорлор жана (же) сметалык эсептөөлөр мамлекеттик заказчыга жөнөтүлөт”.

  •  9-пункттун 5-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«Автомомбиль жолунун, ар бир тилкеси боюнча,  ошондой эле ар бир жол курулмасы боюнча жол иштеринин түрү, мөөнөтү жана курамы жол активдерин башкаруу тутумунун маалыматтарынын, кемчиликтер ведомостунун, диагностикалоонун, долбоордук документтер менен инженердик изилдөөлөрдүн жана автомомбиль жолдорунун, жол курулмаларынын иш жүзундөгү абалын баалоону камтыган башка документтердин негизинде белгиленет».

  • 15 – пункттун 7 – абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

Мамлекеттик заказчы транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоонун, капиталдык оңдоонун көлөмүн  жана  аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен (экономикалык максаттуулугун негиздөө менен),  алар белгилеген мөөнөттө жана тартипте Титулдук тизмеге киргизүү жөнүндө мамлекеттик максаттуу Программаларды ишке ашырууга жана бул программаларга киргизилбей калган айрым маанилүү социалдык-экономикалык маселелердин чечүүгө  багытталган сунуштарды  беришет.

“16. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун оңдоого жана тейлөөгө бөлүнгөн Жол фондунун каражаттарын  чыгымдоо түрлөрү боюнча төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:

  • 16-пунктун 2-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“- Жол фондунун башкаруу аппаратын тейлөө;”

— 16 – пункттун 18 – абзацы алып салынсын;

— 17 – пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“17. Титулдук тизмеге, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун ремонтуна жана кармоосуна бөлүнгөн каражаттардан 10%га чейинки өлчөмдөгү күтүлбөгөн  чыгымдар киргизилет. Чыгымдардын айтылган берене боюнча чыгымдалбай калган каражаттар жол жумуштарынын  күнүмдүк отчеттук жылга карата автомобиль жолдорун оңдоого жана кармоо артыкчылы боюнча жөнөтүлөт.

Күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча каражаттарды  өзгөчө кырдаалдарда (табигый кырсыктар: жер көчкү, кар көчкү, таш түшүү, сел ташкындоолордогу кыйроолор) чыгымдоо автомобиль жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аткарылат.

Мындан тышкары, күтүлбөгөн чыгымдардын каражаттарынын алкагында өлкөнүн жетекчилигинин жана транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тапшырмасы боюнча иштер аткарылат».

— 19 – пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«19. Автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү бөлүгүндө мамлекеттик заказды аткаруучу жана Жол фонду менен макулдашылган Титулдук тизменин кийинки отчеттук жылга долбоору мамлекеттик заказчы тарабынан транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы отчеттук жылдын 10-декабрынан кечиктирилбестен киргизилет. Кийинки отчеттук мезгилге Титулдук тизменин долбоору транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын автомобиль жолдору, финансы жана пландоо маселелерин тейлеген тиешелүү түзүмдөрү тарабынан 15 календардык күндүн ичинде каралат жана учурдагы отчеттук жылдын 30-декабрынан кечиктирилбестен министрлик тарабынан бекитилет.» 

  •  20 – пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«20. Титулдук тизмеге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мамлекеттик заказчынын сунушу боюнча автомобиль жолдорун учурдагы оңдоо жана күтүү бөлүгүндө мамлекеттик заказды аткаруучу жана Жол фонду тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

— жол жумуштарынын наркынын өзгөрүүсүндө;

— күтүлбөгөн чыгымдар беренеси боюнча иш жүзүндөгү  чыгымдардын ашып кетишинде;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оңдоого  жана күтүүгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмдөрүнүн өзгөрүшүндө.

Транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык чыгымдардын түрлөрү боюнча мамлекеттик бюджеттик каражаттардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүүнү жүргүзөт (отчеттук жылдын 9 ай ичинде аткарылган жумуштардын көлөмүн тактоого байланыштуу учурдагы жылдын 1-декабрынан кечиктирбестен)”.

4. Маалыматтык саясат сектору ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

5. Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6. Ушул буйруктун көчүрмөсү күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.

 7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б. Т. Базаралиевге жүктөлсүн.

Министр                                                                           А.Т. Сыргабаев