mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

31-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 253-256-чакырымдарындагы жүргөн селдин кесепетинен жолдо пайда болгон таштар тазаланды

31-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 253-256-чакырымдарындагы жүргөн селдин кесепетинен  жолдо пайда болгон таштар тазаланды. Жеринде жол техникалары жолдун бир бөлүгүн тазалады.

Ошондой эле Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунда жолчулар жолдун эки тарабын тең тазалашты. Бул жерде да сел жүрүп, жолдун бир бөлүгүн жапты, бирок ал дагы тазаланды.

Ал жерге атайын техникалардан бир жүктөгүч жана автогрейдер, ошондой эле жүк ташуучу унаалар тартылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин № 4 ЖТИ кызматкерлери экинчи тилкени тазалап,  жолду ачышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.