mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

25-январга карата ө бардык жолдордо каттам бар, жол кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин улантышууда.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 25-январында өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Чүй облусунда күндүз -1…-6; Талас облусунда -2…+3; Баткен облусунда -1…+4; Ош жана Жалал-Абад облустарында — 1…+4; Ысык-Көл облусунда күндүз 0…+5; Нарын облусунда күндүз -9…-14.

2023-жылдын 24-январында Кочкор-Арал-Тоо-Ашуу жана Арал-Миң-Куш унаа жолунун тилкелеринде музду басып, жолдун жээгиндеги сууну агызуу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 50-55-чакырымынан 55-чакырымына чейин №959 ЖТИнын кызматкерлери жүктөгүч менен унаа жолду кардан тазалап, 80-100-чакырым, 135-136-чакырым аралыгы инерттүү материалдар менен себишти. Маршрут боюнча жумуш автогрейдер жана кол менен жүргүзүлүп, туз аралашмасы менен чачылган. Гүлчө-Жошолу-Аю-Тапан унаа жолунун үч жери муздан тазаланып, кум-туз аралашмасын кошуу иштери жүргүзүлдү.

25-январга карата жогоруда аталган жана башка жолдордо өтмөк ачык, жол кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин улантууда

2023-жылдын 25-январында Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери суу өтүүчү каналдардын жанындагы карды, муздарды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

25-январга карата ө бардык жолдордо каттам бар, жол кызматкерлери жолдорду кардан жана муздан тазалоо иштерин улантышууда.