mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

21 ноября в министерстве транспорта и дорог прошли Общественного слушания на котором были рассмотрены вопросы дорожного хозяйства

21 ноября в министерстве транспорта и дорог прошли Общественные слушания на котором были рассмотрены вопросы : Деятельность Департамента дорожного хозяйства и ее подведомственных организаций по ремонту и содержанию автомобильных дорог. Анализ и индикаторы оценки работы ДДХ и ее подведомственных организаций . Формирование и исполнение Титульных списков. Профилактика ЧС на дорогах.» Поэтому вопросу с информацией выступил директор ДДХ при минтрансдоре КР Шабдан Иманкулов.

По второму повестки дня о работе по введению платных дорог в КР рассказал руководитель группы консультантов МТиД КР Нурланбек Кайынбаев.  Далее директор Производственно инновационного центра МТиД КР л Эмилбек Таштаналиев рассказал о проводимой работе по паспортизации автодорог в КР.

Члены ОС в ходе заседания задали ряд вопросов по улучшению деятельности Департамента дорожного хозяйства и ее подведомственных организаций по ремонту и содержанию автомобильных дорог, по формированию ежегодных планов и профилактике ЧС.

Выступления участников общественных слушаний приводятся ниже.

КыргызРеспубликасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин 2018-жылдын 10 айында аткарылган иштеринин жыйынтыгыжана жылдын аягына чейин коюлган тапшырмалары боюнча Коомдук угууга КТРжЖ Департаменитинин директору Ш.Иманкуловдун маалыматы

 

Жол чарба департаменти, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылы  алдыга койгон милдеттерди ишке ашыруу боюнча каралган иш пландарга ылайык тийиштүү иш чараларды аткаруунун үстүндө бүгүнкү күндө толук кандуу иш алып барууда.

“2018-жылга республикалык бюджет жана 2019-2020-жылдарга болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2018-жылга автомобиль жолдорун оңдоп-түзөөгө жана кармоого1 894 813,4 миң сом өлчөмүндө акча каражаты каралган.

Андан сырткары, “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу обьектилерге 2 035 000,0  миң сом акча каражаты бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин  2018-жылга жалпысынанучурдагы бюджет менен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси менен бирге 4 019 813,4 миң сомду түздү.

Бүгүнкү күндө жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 3 424879,6  миң сомго, же болбосо 2018-жылга каралган каражаттардын 85,1 %га каржыланып, анын  ичинен:

  • утурумдук бюджет боюнча  – 1 764431,6  миң сом  же 93,1%;
  • Капиталдык салымдар беренеси боюнча – 1 660448,4 миң сом,  же 81,5%, анын ичинде Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоого985 000,0  миң сом.

 

 

УТУРУМДУК БЮДЖЕТ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН

ИШТЕРДИН КӨЛӨМҮ

 

2018-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тейлөөнүн Титулдук тизмеси 1 894 813,4  миң сомго бекитилген.

Азыркы учурда күнүмдүк бюджет боюнча жумуштар толук жүргүзүлүп жатат, оперативдүү билдирүүлөр боюнча 2018-жылдын 10айында аткарылган иштердин көлөмү 1 811 298,0миң. сомду түздү жана негизинен төмөнкү иштер аткарылды:

  • Асфальтобетон катмарын тошоо жалпысынан 2018-жылга 61,34 км каралып 58,7 км бүтүрүлдү же болбосо 95,6 % түздү;
  • Жолдордун үстүнкү катмарын бодурлап оңдоо (ШПО ) жалпысынан 2018-жылга 129,3 км каралып 131,1 км бүтүрүлдү же болбосо 101,4% түздү;
  • Жолдорго кара шагыл төшөө жалпысынан 2018-жылга 11,8 км каралып 11,8 км бүтүрүлдү же болбосо 100 % түздү;
  • Жолдого шагыл төшөө жалпысынан 2018-жылга 97,6 км каралып 80,2 км бүтүрүлдү же болбосо 82,2% түздү;
  • Көпүрөлөрдү куруу жалпысынан 2018-жылга 10 даана каралып, анын 7 даанасы бүтүрүлдү (198 км Ала-Бука-Жаны-Базар-Кировка, мост на а/ Кара-Суу-Савай, мост на а/д Токтогул-Бешташ, мост Озгон-Кенеш-Айгыржал, мост на 12 км Учтерек-Озгоруш, мост на 7 км Куршаб-Жалпакташ), калгандарында жумуштар жүрүп жатат.

 

Жаны технологияларды өздөштүрүү боюнча жалпы пайдалануудагы Бишкек-Кунтуу-Шопокова и Винсовхоз-Асылбаш автомобиль жолдорунун 2 чакырым аралыгына пилоттук долбоор катары кум-мастика асфальт кошулмасы (ЩМА) колдонулуп асфальт катмарын төшөлүп, мындан ары сапатын изилдөө максатында көзөмөлго алынды.

Жол коопсуздугун камсыздоо максатында, жолдордогу кооптуу участокторду жоюу үчүн жолдорго 152 км жол чийиндери сызылды жана 2017-жылы башталган 49 даана светофорлорду орнотуу боюнча жумуштар бутурулду. Ошону менен бирге Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун 21 кмнен баштап 3,4 км жолдун огуна тосмолор (барьерные ограждения) орнотулду жана орнотуу улантылууда.

Жолдорду учурдагы ремонттоо эсебинен жалпысынан 176 550 метр квадрат ан-чоноктор жамалды жана башка жумуштар оз убагында аткарылып келүүдө.

Жолдорго паспорт даярдоо иш чарасынын алкагында Ондуруш-инновациялык центр  мекемеси менен биргеликте Бишкек-Ош автомобиль жолунун 61 кмнен 209 кмне жана 2019-кмнен 318 кмне чейинки аралыгына паспорттук техникалык документтер толугу менен бутурулду жана Чуй областынын эл аралык маанидеги автомобиль жолдорунда изилдоо иштери журуп жатат.

Ошондой эле, “Жол техникаларынын потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан гранттык негизде 6 облуска 1 даанадан техника оңдоочу устаканалар бөлүнүп берилди жана ар бир бөлүнгөн жол тейлөө мекемелеринде жол техникаларын ондоочу устаканалар ремонттон өткөрүлдү. 2018-жылдын 1-ноябрь күнү ушул Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан берилген жол техникаларынын берүү аземи №958 жол тейлөө мекемесинин базасында өткөрүлдү.

Дагы бир айта кетчү нерсе, адамдык факторлорду жоюу максатында Бишкек-Ош автоунаажолундагы тоннелден түшкөн каражаттарды жыйноодо электрондук шлагбаум орнотуу боюнча өткөрүлгөн конкурс жарыяланып жыйынтыгында жеңүүчү болуп “КБМ” ЖЧИ аныкталып  21 199,0 миң  сомго келишим түзүлгөн. Азыркы убакта акча каражатын төлөнүүчү электрондук шлагбаум эксплутацияга берилип иштеп жатат.

 

ЖАРАТЫЛЫШ КЫРСЫКТАРЫНЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ

 

2018-жылга жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тейлөөнүн титулдук тизмесине ылайык жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга 24 119,8  миң сом өлчөмүндө акча каражаттары каралган.

Болуп өткөн жаратылыш кырсыктарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыяндын суммасы бүтүндөй республика боюнча 113 454,0  миң сомду түздү.

Жол чарба департаментинин ведомстволук уюмдары тарабынан оңдоп-түзөө иштери подряддык уюмдардын жана заемдук каражаттардын эсебинен 105 900,0  миң сомго аткарылган.Жаратылыш кырсыктарын жоюуда бардык аткарылган иштер боюнча кредитордук карыз бүгүнкү күндө81,9 млн. сом өлчөмүндө түзөт.

 

КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК

 

Бүгүнкү күндө баардык жол тейлөө мекемелерде жана тоолуу аймактарда күзгү-кышкы  даярдык боюнча жумуштар кызуу жүрүп жатат, жалпысынан кышка даярдык 81,5% тузду, анын ичинен:техникалардын даярдыгы 79,6%, инерттик материалдарды даярдоо 83,3 %.

Ошондой эле, республика боюнча өзгөчө күзгү –кышкы убакта төмөнкү ашууларга көнүл бурулууда.

Бишкек-Ош автожолунда (Тоо-Ашуу, Ала-Бел, Кок-Бел ашууларында);

Талас-Тараз-Суусамыравтожолунда (Отмок ашуусуна);

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку автожолуна;

Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунда (Чыйырчык, Талдык, Тонмурун, Кызыл-Арт ашууларында);

Сарыташ-Карамыкавтожолуна;

Алабука-Жаныбазар-Кировкаавтожолунда (Чапчыма, Красная-Горка-Акташ ашууларында);

Бишкек-Нарын-Торугартавтожолунда (Долон, Кызыл-Бел, Торугар, Куваакыашууларында);

 

 

“МАМЛЕКЕТТИК КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР” БЕРЕНЕСИНИН ЭСЕБИНЕН КАРАЛГАН ОБЬЕКТТЕР БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРДИН КӨЛӨМҮ ЖАНА КАРЖЫЛОО АБАЛЫ

 

“Капиталдык салым” беренеси аркылуу каржыланган обьекттер боюнча, бардыгы 2 035 000,0  миң сомду түздү, анын ичинен:

— негизги Тизмедеги жол обьетилерине — 500 000,0  миң сом;

— аймактарды өнүктүрүү боюнча кошумча Тизмедеги жол обьектилерине — 550 000,0  миң сом;

— Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун кайра курууга 985 000,0  миң сом.

Капиталдык салымдар беренеси аркылуу каржылануучу обьекттеринин Тизмесинде көпүрөлөрдү, жаңы жолдорду жана жолдорго асфальтобетон катмарын тошоо узундугу 189,5км каралып, бүгүнкү күндө анын 172,5 км жолго асфальтбетон төшөлүп бүттү. Алар төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн.

 

Аталышы план аткарылганы  
1 Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду 24,5 43,5  
2 негизги обьекттери боюнча 61,80 52,80  
3 кошумча Тизме боюнча(Аймактарды өнүктүрүү) 102,90 76,20  
4 көпүрөлөрдү куруу саны 14 8  

 

 

Азыркы мезгилде кошумча Тизме боюнча аймактарды өнүктүрүү жылына карата киргизилген жол обьектилеринде, аталган Тизменин кеч бекитилгендигине байланыштуу кээ бир аймактарда жолдорго асфальт төшөө иштери азыркыга чейин жүрүп жатат.

 

ПЛАНДАН СЫРТКАРЫ ЖУМУШТАР

2018-жылдын сентябрынын башында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммити жогорку деңгээлде өттү. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин саммитине даярдануу жана ийгиликтүү өткөрүүнүн алкагында, ошондой эле, саммиттин делегаттарын жана катышуучуларын жайгаштыруу максатында №2 Мамлекеттик резиденциясынын жолдоруна,  Аврора, Акмарал, Карвен 4 сезона, Кыргыз деңизине жана Витязга кеткен узундугу 4,7 км  жолго  асфальтбетон төшөө Жол чарба департаментинетапшырылган.

Жогоруда аталган жолдорго асфальтбетон төшөө боюнча оперативдүү чараларды кабыл алгандын натыйжасында курулуш иштери Подрядчынын каражаттарынын эсебинен өз убагында аяктады жана аткарылган иштердин көлөмү каржылоо булагын эсепке албаганда 55 881,6 миң сом суммасын түздү жана каржы маселесин чечуу боюнча иш алып барылууда.

 

КРЕДИТОРДУК ЖАНА ДЕБИТОРДУК КАРЫЗДАР

Жалпысынан Жол чарба департаменти боюнча 2018-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча оперативдик маалымат боюнча дебитордук карыз 541 554,3 миң.сомду тузду, анын ичинен:

— утурумдук бюджет                                         – 159 264,2 миң сом;

— Капиталдык салымдар объектилери              – 382 281,0 миӊ сом

Кредитордук карыздар, бардыгы — 576 567,7 мин сом, анын ичинен:

— утурумдук бюджет                                         – 432 095,2 миң сом;

— Капиталдык салымдар объектилери              – 144 472,5 миң сом

 

2018-жылдын аягына чейинки иш пландар

2018-жылдын аягына чейин  Министрликтин алдына КР Өкмөтү тарабынан бекитилген иш пландар тапшырмалардын негизинде бекитилген иш чаралардын аткарылышын камсыздоо максатында бардык күч аракеттер көрүлөт.

Дебитордук жана кредитордук карыздарды кыскартып жана 2017-жылдын деңгээлине жеткирүү.

Кошумча 55 881,6 миң сомго аткарылган жол курулуш иштеринин каржылоосун чечилишин камсыздоо боюнча тийиштүү министрлик жана ведомстволор менен иш алып баруу.

Ошондой эле, 81 900,0 миң сомго өзгөчө кырдаалдарды жою максатында автомобиль жолдорунда жана башка жүргүзүлгөн кошумча калыбына келтируү иштерин каржылоонуусун камсыздоо үчүн тиийштүү иш чараларды жүргүзүү.

Жол чарба департаментинин аппараттарынын жана жол тейлөө мекемелеринин адистерине жана жумушчуларынын эмгек акысын көтөрүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү.

Жол чарба департаментинин 2019-жылга пландарын иштеп чыгуу.

Пресс-служба МТиД КР