mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

21-июлда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Нарын облусунун Думгал районунда иш сапары менен барат

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева Нарын облусуна иш сапары менен кетип, анын жүрүшүндө Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун бир катар тилкелери менен таанышат. Министр Жумгал районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, Эпкин-Башкууганды участкасында Түндүк-Түштүк унаа жолунун тендердин жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү көздөп жатат. Андан сырткары аталган жердин жаңы подрядчысын тандоо боюнча маселе каралышы күтүлүүдө.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы