mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2024-жылдын 30-январына карата автожолдордун абалы тууралуу маалымат

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “ Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасынын бардык облустарындагы филиалдарынын  жолчулары күнү-түнү дебей жолду кардан тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себишип, айдоочуларга коопсуз жолдорду камдап келишет.

2024-жылдын 30-январында Тараз-Покровка-Кайынды унаажолунун 31-53-чакырымдарында, Бишкек-Ош унаажолунун 209-315-чакырымдарында  кум-туз себүү иштери жүрүп жатат.  Жолдор ачык кар тазалоо иштери аткарылууда. Ош-Баткен-Раззаков автожолунун 290-308-чакырымдарында кар токтобой жаап жатат.

Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт, Кемин-Орловка, Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок, Кемин-Ильич-Ак-Туз жолдорунда тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштери  үзгүлтүксүз жүрүүдө.

         Транспорт жана коммуникация министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.