mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын июль айында «Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» объектисин жарым-жартылай пайдаланууга берүү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү процедурасын баштоо мерчемделүүдө

2023-жылдын июль айында «Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» объектисин жарым-жартылай пайдаланууга берүү үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү процедурасын баштоо мерчемделүүдө.

Ошондой эле, галереядагы бардык иштерди 2023-жылдын жай мезгилинде бүткөрүү жана ушул жылдын сентябрь айында объектти толук пайдаланууга берүү пландалууда.

Белгилүү болгондой, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» долбоорун ишке ашырууда. Анын максаты кардан коргоо галереясын куруу аркылуу кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

Долбоордун донору болгон Япон эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан (JICA) 4,288,000,000 япон йени өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнгөн.

Курулуш иштери 2019-жылы башталган, бирок 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам жумуш токтотулган. 2021-жылдын апрель айында участоктогу бардык иштер кайра жанданып, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп келди. Учурда долбоордун толук аякташына даярдыктар көрүлүүдө.

Бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метр болгон кардан коргоочу галереянын жалпы узундугу 460 метрди түзөт. Анда күн панелдерин орнотуу менен автономдуу электр менен жабдуу системасын монтаждоо аяктады. Ал эми галереянын ички жабдуулары боюнча иштер (жарыктандырууну кошкондо) жана таяныч дубалдар, таш кулоодон коргоо үчүн тосмолор жана Бишкек жана Ош шаарлары тараптан кирүүчү жолдорду куруу иштери аяктоо алдында турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош унаа жолунда транспорттун коопсуз жана тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн долбоордун ишке ашырылышын мониторинг кылууну улантат.

PS:
«Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы көчкүдөн коргоо» долбоору
Донор: Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)

Узундугу: 460 метр

Долбоордун суммасы: 4,288,000,000 япон йени

Кеңешчи: CTI ENGINEERING INTERNATIONAL CO. LTD (Япония)

Подрядчы: DAI NIPPON – IWATA CHIZAKI JV (Япония)

Курулуш иштеринин мезгили: 2019– 30-сентябрь 2023-жыл (2024-жылдын 30-сентябрына чейин кемчиликтер аныкталса, анда бул мезгил ичинде Подрядчы өз эсебинен оңдойт)

Облус Джалал-Абад облусу

Калктуу конуштар жок

Объектти колдонууга жарым – жартылай тапшыргандан кийин бир жагынан 360 метр, экинчи жагынан 120 метр кирүүчү жолдорду куруу пландаштырылууда.

Кеңешчинин кызматы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.