mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 9-сентябрь күнү КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жалпы ишембиликке чыгышты

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев баштаган мекеме жетекчилиги жана анда иштеген кызматкерлер ишембиликке чыгышты.

Белгиленгендей, ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарларды жана калктуу конуштарды көрктөндүрүү максатында өткөрүлдү.

Кызматкерлер Бишкек аэропорт Манас унаа жолунун 13 чакырымындагы (клеверный лист) жердеги таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, ошондой эл кураган чөптөр жулунуп, тазаланып, акталды.