mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 5 айында өлкө боюнча 60,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Былтыркыга салыштырмалуу иш эки эсе көп аткарылды.

Жолдор — биздин кан тамырларыбыз. Алардын курулушу Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртат.

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2023-жылдын алгачкы 5 айында республикалык бюджеттин эсебинен 60,3 чакырым жолго асфальт төшөдү. Былтыр, 2022-жылы бул көрсөткүч май айына карата 29,3 чакырымды түзгөн. Эгерде асфальт жаткыруу боюнча 2022-жана 2023-жылдарды салыштыра турган болсок, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ишти быйыл эки эсе көп аткарган.

Жалпысынан 2023-жылдын май айына карата республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 60,3 чакырым аралыкка асфальт төшөлдү.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы