mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 3-январында Транспорт жана коммуникация министри Т.Текебаев Каракол-Эңилчек, Боз-Шахта Жыргалаң, Ак-Булуң-Токтогул жана Түп-Кеген унаа жолдорунун абалы менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев 2023-жылдын 3-январында Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Каракол-Эңилчек, Боз-Шахта Жыргалаң, Ак-Булуң-Токтогул унаа жолдорун текшерүү учурунда аталган унаа жолдорго ,  тайгакка каршы инерттүү материалдарды себүү жумуштарын маал-малы менен так  аткаруу боюнча тапшырма берди. Ошондой эле Ак-Булуң-Токтогул жолун 7 чакырымга кеңейтүү боюнча №11 ЖТИнын (Жол тейлөө ишканасы) жетекчисине тапшырма берди. Ушундай эле Түп-Кеген унаа жолунун 0-76-чакырымындагы курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди. Учурда 57-чакырымдан 76-чакырымга чейин үч техника: ТУ-230 бульдозер, XG-955 жүктөгүч, ГР-160 автогрейдер иштеп жатат, аларды тартуу менен жолду тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

 

Учурда жогоруда айтылган тапшырмаларды аткаруу боюнча иштер жүргузулүүдө.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы