mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 26-январында «Муганбанк» ААК, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Эпкин-Башкуганды автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча алдын ала төлөм боюнча банктык кепилдиктин суммасын кайтарып берүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык эсептерине 395 миң АКШ долларын которду.

Бул маселе боюнча олуттуу жылыштарга 2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри – Т.К.Текебаевдин «Муганбанк» ААК өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин жетишти. Отурумдун жүрүшүндө КР Транспорт жана коммуникациялар министри , «Todini» компаниясы «Муганбанк» ААК жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы үч тараптуу келишимдеги милдеттенмелерге ылайык, банктык кепилдиктин суммасын кайтаруу талабын билдирген.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин «Муганбанк» ААК банктык кепилдикти кайтарып берүүнүн алкагында 2023-жылдын 26-январында 395 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү биринчи төлөмдү жүргүзгөн. 2023-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 4 миллион доллар өлчөмүндөгү банктык кепилдиктин толук суммасын кайтаруу боюнча бардык зарыл иштерди улантат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы