mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 2-февралында саат 21:30да Төө-Ашуу ашуусуна жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө Сосновка постунда чектөө киргизилди.

2023-жылдын 2-февралында саат 21:30да Төө-Ашуу ашуусуна жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө Сосновка постунда чектөө киргизилди. Мындай чара жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуу ашуусун кесип өтүүдө жолдун  ортосуна  туруп , жеңил унаалардын өтүүсүнө тоскоол жаратып, тыгындарды пайда кылып жаткандыктан кабыл алынды. Азыркы учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар катуу жаап жатат.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы