mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 19-октябрында Бишкек — Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунда пресс-тур болуп өттү

2023-жылдын  19-октябрында  Бишкек — Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунда пресс-тур болуп өттү

 

 

IV Фаза, “БАРЭК  3 коридорун жакшыртуу боюнча долбоорунун”  (Бишкек-Ош автожолу)  алкагында,  Бишкек – Ош автожолунун  507,5км — 574,8-км участогун реконструкциялоо

 

Кыргыз Республикасында Бишкек-Ош автожолунун 67 чакырымдык бөлүгүн реконструкциялоо долбоору аяктоодо. 2018-жылы башталган бул  долбоор — өлкөнүн негизги транспорттук магистралдарын модернизациялоо боюнча Өкмөттүн артыкчылыктарынын бир бөлүгү болуп саналат.

Долбоордун негизги мүнөздөмөлөрү

  • Узундугу: — 67,3 км
  • Консультант: — Renardet  (Швейцария)
  • Подрядчы: — AZVIRT ( (Азербайжан)
  • Долбоордун башталган датасы: — 29-июнь, 2018-жыл
  • Долбоордун аяктоо датасы: — 31-август, 2023-жыл
  • Кемчиликтер үчүн жоопкерчилик мөөнөтү: —  2025-жылдын 30- апрелине чейин.

 

Иштер жана инфраструктура

 

Долбоор иштин кеңири спектрин жана инфраструктурасын камтыйт::

  1. Жол катмары: жаңыланган жол II техникалык категорияга кирет, бул ишенимдүүлүктүн жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорку талаптарын билдирет;
  2. Тилкенин туурасы: калктуу конуштарда жолдун туурасы 3.5 метр болгон төрт тилкеден, ал эми калктуу эмес жерлерде 3.75 метр болгон эки тилкеден турат. Бул жолдо ыңгайлуу трафикти жана коопсуздукту камсыз кылат;
  3. Көпүрөлөр жана суу өткөргүчтөр: долбоор ар кандай табигый шарттарда жолдун өтүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн, 9 көпүрө жана 188 суу өткөрүүчү  түтүктөрдү камтыйт;
  4. Жол коопсуздугу: коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жөө жүргүнчүлөр үчүн тосмолор, бийик дөбөлөрдөгү тосмолор, светофорлор жана сигнал түркүктөрү каралган;
  5. Экологиялык түзүм: долбоордун алкагында 36 миң көчөт отургузулууда, бул жаратылыш чөйрөсүн сактоого өбөлгө түзөт;
  6. Аяктоо жана кепилдик мөөнөтү: негизги курулуш иштери аяктап, учурда тротуарларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, дренаждык лотокторду жана башка инфраструктуралык элементтерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Долбоорго ылайык, кепилдик мөөнөтү 2025-жылдын апрелине чейин созулат.

Экономикалык жана социалдык таасири

“БАРЭК  3 коридорун — Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза, Маданият-Жалал-Абад участогун жакшыртуу боюнча долбоор” — Маданият айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы автожолдун 67км-ге жакын жолду калыбына келтирүү жана реабилитациялоо жолу менен, улуттук жана региондук байланышты жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоордун жыйынтыгы — Кочкор-Ата, Массы жана Базар-Коргон калктуу пункттары аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун 67-чакырымын бойлой жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун натыйжалуу кыймылы. Долбоорду ишке ашыруу -улуттук жана региондук сооданы жеңилдетет, ошондой эле айылдык калктуу конуштардын рынокторго жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, бул региондун экономикалык өнүгүүсүн тездетет.

Жыйынтык

Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо долбоору — Кыргызстан үчүн маанилүү кадам болуп саналат, өлкөнүн инфраструктурасын чыңдап, анын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Бул оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин, жол анын бардык колдонуучулары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуп, саякатчыларга жана өлкөнүн экономикасына узак жылдар бою кызмат кылат.