mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 19-декабрына карата унаа жолдордо, авто унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр жок.

Кыргызгидромет билдиргендей 2023-жылдын 19-январында республикада жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот.

Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымынан 427-чакырымына чейинки Көк-Бел ашуусунда кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүрүп жатат. Ушундай эле иштер Ала-Бел ашуусунда, Торкен-Толук-Сары-Камыш унаа жолунун 20-чакырымынан 87-чакырымына чейин жүргүзүлүүдө.

Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларында жол тейлөө ишканаларынын (ЖТИ) кызматкерлери кар тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштерин жүргүзүүдө. Жогоруда аталган багыттар боюнча транспорттун бардык түрлөрү үчүн жол ачык.

Эске салсак, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейинки Сары-Кыр ашуусу жана Атбашы-Кында ашуусу. Нарын районундагы Кында-Торугарт унаа жолу ушул убакка чейин жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы