mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактардагы башкармалыктарында түзүлгөн мобилдик топтор оор жүк ташуучу унааларды текшерүүгө алышты

2023-жылдын 12-май күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин аймактардагы башкармалыктарында түзүлгөн мобилдик топтор оор жүк ташуучу унааларды текшерүүгө алышты.
Ага ылайык, Ош аймактык башкармалыгынын мобилдик тобу Ош-Ноокат жолундагы жүк ташуучу унааларды текшерип, мыйзам бузуулар аныкталбаганын билдирди.

Ал эми Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын мобилдик тобу тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт жана Бишкек-Кара-Балта унаа жолундагы жүк ташуучу унаалар текшерилди. Жалпы 16 транспорт каражаты катталып, мыйзам бузуулар аныкталган жок. Ушундай эле иштер “Чалдовар”, “Сосновка”, “Моловодное”, “Ак-Тилек”, “Кемин”, “Ак-Жол” постторунда жүргүзүлүүдө.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы