mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылы Кыргызстанда битум рекорддук көлөмдө — 20 миң тонна сатылып алынган

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти 2022-жылы рекорддук көлөмдөгү битумду – 20 миң тонна сатып алды.

Битумдун бул көлөмү жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун транспорттук-эксплуатациялык сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле капиталдык, орто жана жүргүзүлүп жаткан оңдоолордун көлөмүнүн кескин көбөйүшүнө байланыштуу сатылып алынган.
20 000 тонна битумдун 17 260,0 тоннасы 197,4 км асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөөгө, 1667,0 тоннасы 151,5 км жол иштерин аткарууга, 1073,0 тоннасы жамоо иштерине жумшалат.

Белгиленгендей, БД 60/90 битуму өлкөнүн жалпы пайдалануудагы жолдорун оңдоодо жана тейлөөдө, аларды капиталдык жактан тейлөөдө, орто жана учурдагы тейлөөдө колдонулган негизги стратегиялык курулуш материалдарынын бири болуп саналат.

Жол чарба департаменти 2010-жылдан баштап , азыркы күнгө чейин битум сатып алып келет.

Бул мезгил ичинде ал сатылып алынган:
2010 — 8070,5 т
2011-ж. – 5680,0 т
2012 — 10039,7 т
2013-ж. – 10355,5 тонна
2014-ж. – 9466,1 тонна
2015-ж. – 12390,0 т
2016-ж. – 11636,8 т
2017-ж. – 10557,0 т
2018-ж. – 7062,0 т
2019 — 12 127,0 т
2020 – 7016,0 т
2021 – 702,3 т
2022 — 20 000,0 т
Бул жылдар аралыгында бардыгы болуп 125103,0 тонна битум сатылып алынган.
Маалымат үчүн: битум асфальт-бетон аралашмасын жасоодо, жолдорго асфальт-бетон катмарын төшөөдө, жолдордун асфальт-бетон катмарындагы жыртык тешиктерди кыркууда колдонулат.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы