mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 8-9-октябрда Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын транспорт министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.

2022-жылдын 8-9-октябрда Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын жана Өзбекстан Республикасынын транспорт министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. (Иран Ислам Республикасы). Жолугушууда Иран Ислам Республикасы аркылуу Борбордук Азияга/Борбордук Азиядан транзиттик жүктөрдү кеңейтүүнү жана жеңилдетүүнү колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Кыргызстандын сунушу боюнча тараптар Борбордук Азиянын деңизге чыга албаган өлкөлөрүн дүйнөлүк рыноктор менен байланыштырган бардык иштеп жаткан жана потенциалдуу коридорлорду жана маршруттарды колдоону ырасташты, ошондой эле бул өлкөлөр аркылуу транзиттик жүк ташуу перспективасы 20 миллион тоннага жакын жүктү түзө аларын белгилешти. Иран Ислам Республикасы, Казакстан Республикасы жана Түркмөнстан Борбордук Азияга жана андан тышкары аймактарга транзитти жеңилдетүү үчүн Каспий деңизи аркылуу Түндүк-Түштүк деңиз жолдорун сунушташты. Ошондой эле, тараптар айдоочулар үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана бардык транзиттик чыгымдарды азайтуу жана жол кыймылына уруксаттарды жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кызматташууну мындан ары улантуу зарылдыгын белгилешти. Бул жолугушуунун жыйынтыгында транзиттик жүктөрдү өнүктүрүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Кошумчалай кетсек, бул иш-чаранын алкагында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү Туркменстандын Министрлер кабинетине караштуу транспорт жана коммуникация агенттиги, «Туркмендемиреллары» агенттиги, «Демиреллары»ААК жана «Туркменстан транспортук-логистикалык борбору» ААК нун өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы