2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу тунелинин, жол кызматтарынын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышып келди
- 478 просм.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев 2022-жылдын 31-октябрында Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу туннелинин түндүк порталына жумушчу иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Бишкек-Ош унаа жолунун 9-чакырымынан 209-чакырымына чейинки аралыкты, анын ичинде кыш мезгилиндеги татаал ашуулардын бири Төө-Ашууну тейлеп жаткан жолчулардын социалдык-турмуштук абалы менен таанышты.
Мындан тышкары министр К.Көлбаев атындагы туннелинде нөөмөттө турган тоннелдик кызматтын кызматкерлерин текшерди.Октябрь айынын башында эле Төө-Ашуу ашуусуна кар жааганына байланыштуу жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүшүүдө. Туннелдин түндүк жана түштүк бөлүгүндө жайгашкан ангарларга инерттүү тайгаланууга каршы материалдар, анын ичинде кум жана туз алынып келинип, колдонулууда.Бишкек- Ош автожолунун 125-чакырымынан 135-чакырымына чейин жана 187-чакырымынан 209-чакырымына чейин, аба ырайына жана климаттык шарттарга карата №9 ДЭБдин кызматкерлери тарабынан кар күрткүлөрү тазаланууда .
2022-жыл 31-октябрында Бишкек-Ош унаа жолунун 81-чакырымындагы “Сосновка” постунда аба ырайы калыбына келгенге чейин оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.