mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министлигинин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата шахмат оюну боюнча мелдеш болуп өттү.

Мелдешке Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ардагерлери жана министрликте иштеген адистер катышты.
Бир убакта 12 оюнчу менен сеанс өткөрүлүп, Автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы адиси, шахмат оюнун чебери жана Кыргыз Республикасынын ардагерлер арасында күмүш медалдын ээси Бейшеев Канатбек Дуйшенбекович 12 оюнчудан 11 оюнчуну жеңип алды.

Шахмат оюнун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинде шахмат оюну боюнча бир катар мелдештер өткөрүлүп турат.

КР ТжКМнин басма соз кызматы