mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 27 октябрь күнү кечки саат 19:45 баштап бороонго байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүнүн (Төө-Ашуу, Сосновка) түштүк көздү кете турган тарабы каттам үчүн убактылуу жабылды.

КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы