mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 26-октябрында  Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында  Кыргыз Республикасынын  “Автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата иш чара болуп өттү

Бүгүн,  2022-жылдын 26-октябрында  Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана Коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында  Кыргыз Республикасынын  “Автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин катышуусунда майрамдык иш чара болуп өттү. Иш чаранын алкагында , «Кыргыз Республикасынын автомобиль транспортунун жана жол чарбасынын кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата, ак ниет эмгеги, өндүрүштөгү жетишкендиктери жана транспорт жана жол тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төмөндөгү кызматкерлер сыйланды:

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин К. Көлбаев атындагы медалы менен:

  1. Акматов Адылбек Тентимишович – Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башчысы;
  2. Кожомбердиев Асейин Жуматаевич – Автомобиль жолдор башкармалыгынын башчысы;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамотасы менен:

  1. Оскомбаев Марат Салмурбекович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
  2. Жетимишов Нуртилек Суранкулович — Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин жардамчысы;
  3. Озбекова Айзада Мелисовна – Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана санариптештирүү боюнча бөлүмүнүн башчысы;
  4. Шамканов Шабдан Азизович – Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын башкы адиси;
  5. Акбар уулу Данияр — Автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
  6. Тологонова Айдана Тологоновна – Адам ресурстары бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Жана башка Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамотасы менен 131 кызматкер

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин К. Көлбаев атындагы медалы менен 7 кызматкер, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ардактуу жолчу” төш белгиси менен менен 15 кызматкер жана  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Ардактуу автотранспортчу” төш белгиси менен 12 кызматкер сыйланды.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы