mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 24 октябрь күнү саат 9:00 дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр алынды.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23 октябрь күнү кечки саат 17:30да жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

КР ТжКМне караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошонун негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы