mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курулуш иштери пландаштырылган Коргон-Андархам автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

2022-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курулуш иштери пландаштырылган Коргон-Андархам автожолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Тогуз-Булак-Сүлүктү-Байзаксай унаа жолунун курулуш иштери менен жана ошондой эле Булак-Башы-Кайрагач жана Сүлүктү-Көлдүн жана Раззаков айланма жолунун абалы менен таанышты. Аталган объектилерди кыдыруу учурунда адистер менен жолдорду тейлөө жана куруу маселелери талкууланды.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы